www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Президенти Джо Байден 26-январда алгачкы жолу Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамлекет башчы катары телефон аркылуу баарлашты.
Алардын телефон сүйлөшүүсү тууралуу Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки маалымат жыйынында билдирди.
Саал мурдараак Байден өз өлкөсүнүн Орусия менен карым-катнашына чукул өзгөрүү кирет деп айткан болчу.
Псаки айымдын маалымдашынча, Байден Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын убактылуу камалышы менен байланыштуу жана башка Орусиядагы окуяларга карата өз тынчсыздануусун билдирген. Андан тышкары, Байден Путинге курал-жарактарга көзөмөл келишиминин мөөнөтүн дагы 5 жылга узартуу тууралуу сунушун айткан. Ошондой эле, Байден Украинанын эгемендиги боюнча АКШнын Киевди чечкиндүү колдоосун да баса белгилеген.
Баарлашуу маалында Байден орусиялык хакерлердин АКШ мекемелерине былтыркы ири чабуул жасаган окуяларына да өз камтамасын айткан. Ошондой эле ал Ооганстандагы америкалык жоокерлердин өлүмү үчүн расмий Кремль талиптерге сыйлык убада кылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарга да тынчсыздануусун билдирген.
Ошону менен бирге, шейшембиде Байден АКШ менен НАТО боюнча шериктердин өз ара мамилелерин чыңдоо жаатында да НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг менен телефондон сүйлөштү.
Байден өз өлкөсү мурдагыдай эле НАТОнун алкагындагы биргелешкен коргонуу келишимин сактап кала берет деп Столтенбергди 26-январдагы баарлашуусунда ишендирген.
Президент Байден Ооганстан, Ирак жана Орусия да камтылган бардык коопсуздук көйгөйлөрү менен байланыштуу НАТОдогу шериктери менен кеңешип, чогуу иш алып баруу ниетин баса белгилегендиги тууралуу Ак Үй атайын билдирүү жарыялады.
Булак: NazarNews.kg