www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Намибияда геноцид жасаганын мойнуна алды

Германия Намибияны оккупциялап турган маалда ал жактагы гереро жана нама деп аталган түпкүлүктүү урууларды кырганын мойнуна алды.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас 28-майда билдиргендей, Берлин Африканын түштүк-батышында жайгашкан мамлекеттен жана геноцидге кабылган он миңдеген адамдардын урпактарынан кечирим сурап, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн атайын программанын алкагында 1,34 миллиард доллар бөлүп бере турганын билдирди.

Эки мамлекеттин делегациялары буга чейин көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин саясий декларацияны макулдашкан. Эми ага кол коюлуп, эки тараптан тең ратификацияланышы керек.

Белгилей кетсек, Намибияны Германия 1884-жылдан 1915-жылга чейин оккупациялап турган.

1904-жылы гереро жана нама урууларынын өкүлдөрү немис баскынчыларына каршы чыгышкан. Германиянын экспедициялык корпусу аларды күч менен басып, миңдеген адамдар набыт болгон. Жергиликтүү элдин көбү чөлгө куулуп, ачкачылыктан жантаслим болушкан. Гереро уруусуна кирген миңдеген адамдар концентрациялык лагерлерге жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости