www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Төрөбаев:

Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында депутат болгон Бакыт Төрөбаев Алишер Мамасалиев мекенчил саясатчы болгонун эскерди.

--"Канча аракет кылсак дагы ажалдан арачалап кала албадык. Жабышкан оору акыры алып тынды. Экөөбүз саясатта үзөңгүлөш, жеке жашоодо дос болчубуз. Достукка бекем, жакындарыңа күйүмдүү элең.

Жаш кезиңден саясатка аралашып, билимиңди, тажрыйбаңды мамлекет үчүн арнап, элдин көйгөйүн көтөрүп келдиң. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын түптөлүп, элдин ишеничине ээ болуп, парламентке келишине да салымың чоң эле. Биздин партиялаштар суук кабарды, терең кайгыруу менен кабыл алды.

Алишер Мамасалиев менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышында чогуу иштедик. Абдан демилгелүү саясатчы болчу. Кандай маселе чыкпасын эл үчүн, мамлекет үчүн кандай пайда болот деп ойлонуп турчу. Стратегиялык, аналитикалык ой жүгүртчү. Мамлекеттин түзүлүшү, Конституция, башкаруу системасы тууралуу өз көз карашы бар эле. Биз он жылдан ашуун дос болдук. Ичинде кири жок, түз жүргөн, бетке айткан жигит болчу. Өтө өкүнүчтүү окуя болуп калды. 

Досум!

Аз убакыт ичинде болсо дагы, бир катар ийгиликтерди жаратканга жетиштиң. Татыктуу өмүр сүрүп, көптөгөн жаштарга үлгү боло алдың. Артыңда элиң эскерип, айтып жүрчү эмгегиң, курч сөздөрүң калды. Жаркын элесиң ар дайым биздин жана элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Кош Алишер! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Жараткан бейиштен орун берсин!", - деп эскерген депутат. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости