www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Тышкы иштер министрлиги немис парламентине хакердик чабуул коюуга жоопкер адамдарга, анын ичинде орусиялык Дмитрий Бадинге Евробиримдиктин кибер санкциясы салынарын билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Немис прокуратурасы Бадинди кармоого 5-майда буйрук берген. Ал “APT28” же “Fancy Bear” аттуу хакердик топтун мүчөсү деп маалымдалат.

28-майда министрлик Орусиянын Берлиндеги элчисин чакыртып, маалымат берген. Анда Дмитрий Бадин ошол чабуул коюлган убакта орус чалгын кызматына иштегени камтылган.

“Анын чабуул учурунда Россиянын Башкы чалгын башкармалыгынын аскер чалгынынын мүчөсү болгонуна ынанымдуу далилдер бар” экени айтылат.

Ынанымдуу далилдер бар экенин май айынын башында Германиянын канцлери Ангела Меркел да айтып, 2015-жылы ал чабуулга “орусиялык аскерлердин” катышы бар экенин билдирген. Канцлер парламенттеги кеңсесинен документтери уурдалганын белгилеген.

27-майда Москва Бундестагга кандай гана киберчабуул болбосун катышы жок экенин маалымдап, Берлинди “коронавирус көйгөйүнөн көңүлдү жаздырууга аракет кылып жатат” деп айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости