www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 28-майда массалык маалымат каражаттарына жарандык активист, "Городские парки" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева пара алууга шектелип кармалды деп жергиликтүү басылмалардын бири күч түзүмдөрүнө шилтеме берип жазып чыккан.
Маалымат чындыкка дал келбейт деп "Наше право" коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова Фейсбук баракчасына билдирүү таратты.
"Урматтуу достор! Эми биз баарыбыз үйдөбүз! Бизге колдоо көрсөткөнүңүздөр жана ишеним артканыңыздар үчүн рахмат! Жактоочулар Арман Кыйгыров жана Эрик Ирискулбековго профессионалдуу жардамы үчүн жана башка жардамын сунуштаган жана санаа тарткан баарыңыздарга чоң ыраазычылык!
Калича Умуралиева кармалган жок, ага карата кылмыш иши козголгон жок жана ал күбө катары түшүндүрмө берди.
Пара деп айтылган акчалар түзүлгөн келишимге ылайык "Шаар парктары" муниципалдык ишканасынын кассасына төлөнгөн. Төлөмдүн дүмүрчөгү бар.
Андыктан "урматтуу буюртмачылар", силердин идеяңар ишке ашпай калды. Калича Умуралиевага тишиңер өтпөйт", - деп жазган Светлана Антропова.
Анын аркасынан эле Умуралиева да социалдык баракчасына кыскача билдирүү калтырды.
"Мен үйдөмүн. Баарыңыздарга ишеним артып, колдогонуңуздар үчүн рахмат! Сейил бактардагы соода-сатыктарды токтотоюн, мыйзам жолуна коёюн деген элем", - деп жазган жарандык активист.
Булак: NazarNews.kg