www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда элдин бары коронавирус боюнча карантинден үрөйү учуп турганда Түп районунда жылкыларды илдет баса баштады деген кеп маалымат беттеринде чагылгандай тездик менен тарады. Ооруп өлдү делинген жылкыдан сасык тумоо оорусу аныкталганы, дарт дегенде үрөйү учуп турган элди ого бетер дүрбөттү. Бул тууралуу элдин демин басыш үчүн Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов  маалымат жыйыны учурунда:

"Түп районунда өлгөн жылкы боюнча биз толук изилдөөлөрдү жүргүздүк. Атайын ошол жылкыдан алынган кан, ички органдарынын баарын текшердик. Ал жерде болгону төрт жылкы бар экен. Төртөөнөн тең алдык. Азыркы учурда үчөө тирүү. Жылкылардан сасык тумоо оорусу аныкталды. Азыркы учурда дагы изилдөөлөр жүрүп жатат. Башка жерлерден жылкылардын мындай оору менен өлгөн учурлары катталган жок", - деп түшүндүрдү.

Ал эми “Өнүгүү –Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров парламенттик бийик трибунадан документтер аркылуу көзүнө сайып, өзү жеке иликтеп чыкканын далилдеп, эшектин терилери контрабандалык жол менен Кытайга ташылып жатканы тууралуу айткандарына Калысбек Жумаканов тарабынан эч реакция болгон жок. Анткени, депутаттын айтымы боюнча ондатрдын териси деген шылтоо менен чет мамлекетке өтүп жаткан эшектин терилеринин башында Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов тургандыгы тууралуу баса белгилеп өткөн. “Тегин жерден сөз чыкмак беле” - депутат Шайназаров элдин көйгөйүн айтып жатпайбы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости