www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда парламенттин жаңы спикери шайланды

Иран парламентинин жаңы спикери болуп Тегерандын экс-мэри жана полициянын мурдагы жетекчиси Мохаммад-Багер Галибаф шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мохаммад-Багер Галибаф 230 добуш алып биринчи жылга 11-чакырылыштагы парламенттин спикери болуп шайланды.

Мостафа Мирсали 12 добуш жана Ферейдун Аббаси 17 добуш алды. Бул шайлоодо жалпы 267 добуштун 8и жараксыз деп табылды.  Февраль айында шайланган 11-чакырылыштагы парламент кечээ өз ишин баштаган.

Ал Ислам революциясынын жеңишинен кийин жана иран-ирак согушу башталгандан кийин  аскер башчы болуп эмгектенген, ал эми 2000-жылдан 2005-жылга чейин укук тартиби күчтөрүнүн башчысы болгон. Кийин 2017-жылга чейин Тегерандын мэри болуп иштеген. Галибаф бир нече жолу президенттикке дагы ат салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости