www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда карнавалга чогулгандарды айдоочу автоунаасы менен жара сүзүп, 10 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя, Германиянын Фолькмарзен шаарында болгон. Анда “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу чогулуп турган элди жара сүзгөн. Бирок, азырынча ал бул ишке атайлап барганы же кокустан болгон кырсык экени белгисиз экени айтылат маалыматта.

Ал эми, HNA агенттиги күбөлөрдүн сөздөрүнө таянып, “айдоочу атайлап “газды толук басып” балдарды сүзгөндөй” деп жазып чыкты.

Жабыркагандардын арасында жаш балдар да болгон. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп, кылмышка шектүүнү полиция кызматкерлери колго түшүргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости