www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Reuters кабарлагандай, эгер продюсер “агрессивдүү сексуалдык кол салуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылса, ал өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Калган эки берене боюнча 25 жана 4 жылга чейинки жаза мөөнөтү каралган.

Харви Вайнштейндин иши боюнча сот өкүмү 11-мартта жарыяланат.

2017-жылы октябрда көптөгөн белгилүү актрисалар Харви Вайнштейнди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпташкан. Мындан соң ал компаниянын директорлор кеңешинен бошотулуп, америкалык киноакадемиянын курамынан чыгарылган.

Жалпысынан 80ден кем эмес аял Вайнштейн аларга ондогон жылдар мурун сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдиришкен. Алардын арасында Гвинет Пэлтроу, Ума Турман, Сальма Хайек да бар.

Мындан соң Лос-Анжелес шаарынын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн киши сексуалдык асылууга туш болгондорго тилектештигин билдиришкен. Жүрүш "Мен дагы" деген ураан алдында өткөн.

Буга чейин Харви Вайнштейн “Криминалдык баян” (Pulp Fiction), "Акылдуу Уилл Хантинг" (Good Will Hunting), "Король сүйлөйт" (The King's Speech) жана "Ашык Шекспир" (Shakespeare in Love) фильмдери үчүн "Оскар" сыйлыгынын лауреаттарынын ийгиликтерин тең бөлүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости