www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайды жабыш керек. Бул тууралуу пикирин бүгүн, 25-февралда саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

“Кытайды жабыш керек, бул жерде жүргөн кытай жарандарын чыгарыш керек... деп элди демитип, жүрөктүн үшүн алып, козута берүүдөн эч кандай пайда болбойт... Тетирисинче зыянга эле учурайбыз...элди дүрбөтүп, дүрбөлөңгө сала берсек. Бүгүн бул оорунун очогу коңшу Иранда, андан ары Италияда, бул жагы Түштүк Кореяда да бар болуп калды... Дүйнөдө 37 мамлекетте катталып, баардыгы 80 миңге жакын оорукчан киши бар экен... Чек араны толук жаап, эчкимди киргизбей да, чыгарбай да отура албайбыз... Мүмкүн эмес...

Ошондуктан, болгон күчтү азыр санитардык агартуу иштерине, анын ичинде жеке тазалыкка, коомдогу жүрүм-турумга үйрөтүү иштерине жумшоо абзел деп ойлойм... Опур-топур тойлорду, көп киши чогулган жыйындарды, оюн-зоокторду чектөө, учурашканда кучакташып, эркек-аял дебей өбүшкөндү да токтотуу зарылчылыгы бар...Эң башкысы акыл-эсти жоготпой, дайыны жок дүрбөп, удургубай...ар ким өзүнө, өз үй бүлөсүнө сак болуп, токтоолук менен аракет кылуубуз туура. Ал эми мамлекеттик органдар болсо шалаакылыкка жол бербей, тагылган милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү...Калганы Жараткандын колунда...”, - деп жазган белгилүү саясатчы Эмилбек Каптагаев.

Каптагаевдин жогорку пикири аттуу-баштуу инсандардын ортосунда талаш-тартышты жаратты.   

Калдарбек Абдраманов Жарыктык киши сизге түшүнсөм башыма жүн чыксын. Санпросвет иштери менен коронавируска каршы тургудай ал жөнөкөй эле тумоо эмес. Чек араны толук жабыш керек, мүмкүн болушунча. Инфекция Кытайдан эле эмес башка жактардан да келиши мүмкүн. Анан инкубационный мөөнөтү да азыр так анык болбой турат. Ошондуктан “сактыкка кордук жок” дегендей карым-катнашты Кытай менен такыр токтотуш керек. Күчтүү Россия, Европа мамлекеттери да Кытай менен чек арасын жабышты да.

Эмилбек Каптагаев айтылган ойду толук түшүнүп туруп башыңызга жүн тилесеңиз, вирус бардык жакта бар, Кытайда эле эмес, чекти толук жаап салуу мүмкүн эмес, кеп ошо жөнүндө...

Азиза Мамбетказиева Калдарбек Абдраманов массалык маалымат каражаттарына ишенсек эч ким чек арасын жапкан жок, авиакаттамдарга тыюу салынып жатат дүйнө жүзүндө ооругандардын саны көбөйүп жатат деп айтышууда. Тилекке каршы мурда деле ушул сыяктуу инфекциялык оорулар болуп келген инфекцияны Кытайдан башкалар деле алып келиши мүмкүн. Туура айтасыз өкмөт тарабынан эскертүүлөр биринчи жардам кандай болуш керек! Эң негизгиси ар бир адам аракет кылыш зарыл той-топурду токтотуп, көпчүлүк чогулган жерге азыраак барсак.

Талант Узакбаев Эмилбек Каптагаев Азырынча бизде жок вирустун бул тиби, катуу санитардык-карантиндик чараларды күчөтүш керек, ошонун ичинде тыштан келгендерге чектөө сөсүз болуусу зарыл, себеби вирусту ошолор, ооруп айыккандар, инкубатиктер алып келет. Бизде вирус аныкталса (кудай сактасын), анда башка өлөлөр бизди да жаап салат. Мына ошондо турмушубуздун баардык жагына оордук келет, өтүп кеткиче чек араны жаба турсак туура болот.

Kamila Talieva Такен Макиш туура, контроль күч болгону менен чек ара ачык болгону нонсенс. Убактылуу чек киргизүү эле коопсуз болот...деген пикирлерин жазды аттуу-баштуу инсандар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости