www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик жер алмаша турган болду

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмаша турган болду. Бул тууралуу   Asia-Plus басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Баткенде эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация маселеси боюнча отурумга чогулган.

"Тажик-кыргыз вице-премьерлери Азим Иброхим жана Акрам Мадумаров жетекчилик кылган отурумда тараптар тарыхта биринчи ирет чек аранын талаштуу жерлеринин 23 гектарын алмашуу боюнча макулдашты", — деп жазган басылма.

Бул маалымат боюнча кыргыз өкмөтү төмөнкүдөй үн катты.

"Жыйынга мындай комментарий берүү эртелик кылат деп ойлойбуз. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелерин чечүү сүйлөшүлүп жатат".

Белгилей кетсек, жыйында укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун укуктук негиздерин талкуулоону улантуу тапшырылган.

Ошондой эле, топографиялык топтор мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароону жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесин иштеп чыгууну улантылары маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости