www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын федералдык прокуратурасы Орусиянын Украинанын аймагындагы ыктымал аскердик кылмыштары боюнча иликтөө баштады.

Dpa агенттиги прокурорлор жасалган кылмыштар бар экенин көрсөткөн маалыматтарга ээ экенин жана алардын саны мындан кийин да көбөйүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

Der Spiegel сот тармагындагы өз булактарына таянып, прокуратура орус армиясы ыктымал кассеталык бомбаларды колдонгондугу, турак жай кварталдарын жана жарандык инфраструктура имараттарын аткылагандыгы тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын жазды.

Эл аралык кылмыш кодексине ылайык, тигил же бул өлкөнүн федералдык прокуратурасы дүйнөдөгү аскердик жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча иликтөө жүргүзө алат.

Орусия президент Владимир Путиндин буйругу менен аскерлерин Украинага 24-февралда киргизген. БУУнун маалыматы боюнча андан бери Украинадан 2 миллион адам өлкөдөн чыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости