www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Анналена Бурбок Түркия, Иран жана Орусия Федерациясынын президенттери Тайып Эрдоган, Эбрахим Раиси жана Владимир Путиндин биргелешкен сүрөтү НАТО үчүн чакырык деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-июлда Bild гезитине берген маегинде билдирди.
"Бул сүрөттө Түркиянын президенти болгондугу жумшак айтканда, чакырык", - деди ал.
Бербок Түркия Түндүк Атлантикалык альянстын мүчөсү катары Украинадагы жаңжалдын фонунда маанилүү деп эсептейт.
"Ошондуктан, мен үчүн бул сүрөт НАТОнун мүчөсүнүн көз карашынан алганда түшүнүксүз", - деди Германиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.
19-июлда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана процессинин кепили болгон Түркия, Иран жана Орусия лидерлеринин үч тараптуу саммити өттү. Орус президенти ошондой эле Иран жана Түркия лидерлери менен өзүнчө баарлашты.
Булак: NazarNews.kg