www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 5-сентябрда Германиянын Лейпциг шаарында бир нече миң адам өкмөттүн энергетикалык жана социалдык саясатына каршы демонстрацияга чыгышты. Бул тууралуу «Немис толкуну» кабарлады.
Маалым болгондой, нааразылк акцияларга Германияда энергетика жана азык-түлүк баасынын кескин көтөрүлүшү себеп болгон.
Бул акциялардын уюштуруучулары бир нече партиялар жана альянстар, анын ичинде ашкере оңчул «Фри Саксен» альянсы болгон. Полициянын өкүлүнүн айтымында, демонстрациялар учурунда бир нече жолу атышуу болгон.
Германиянын Социал-демократиялык партиясынын башкаруучу коалициясы, «Альянс 90», «Жашылдар» жана Эркин демократиялык партия 65 миллиард евролук үчүнчү жардам пакетин кабыл алганын жарыялашты. Бирок митингчилер бул чараларды жетишсиз деп эсептешет.
Эске сала кетсек, Украинанын премьер-министри Денис Шмигал Украина Германияга электр энергиясын берүүгө даяр экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg