www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргыз жарандарын немис компаниялары менен мекемелеринде ишке орноштуруу жөнүндө кызматташуу меморандумуна кол койду. Документке министр Кудайберген Базарбаев жана Федералдык агенттиктин эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Михаэль ван де Каммен кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Федералдык агенттиктин делегациясы Билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-немис техникалык институтунун, кыргыз-немис колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.


Буга чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев миграция боюнча меморандумга кол коюларын билдирген. Ал немис өнөктөштөр сентябрда Бишкекке келип, эки тараптуу келишим менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүү болорун айткан. Ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз жарандары Германияга барып иштей алышат.

Текебаев кыргыз жаштарын Германиянын Саксония федералдык аймагына барып иштөөгө чакырган видео кайрылуусун Фейсбукка жарыялаган.

Элчи технологияны түшүнгөн адистер ал жакка барып иштесе болорун, Германиядан, жалпы эле Европадан билим алып, тажрыйба топтоо кыргызстандыктарга пайда экенин белгилеген.

Расмий эсепте Германияда 10 миңге жакын кыргызстандык жашап иштейт.

Буга чейин Кыргызстан эки тараптуу келишимдин негизинде Британияга жарандарды ишке жөнөткөн. Ошондой эле Жапония, Түштүк Корея менен ушундай келишим түзүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости