www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-сентябрда Нью-Йоркто тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев армян тараптын төрагалыгы астында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынына катышты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын күн тартиби боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин позицияларын макулдашуу боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Министр ошондой эле Тажикстандын мыйзамсыз, чагымчыл жана деструктивдүү аракеттеринин натыйжасында кескин курчуп кеткен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга токтолду.

Ж.Кулубаев белгилегендей, БУУнун Уставында жана ЕККУнун Корутунду актысында бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутуу сыяктуу фундаменталдык эл аралык принциптер, ошондой эле башка эл аралык документтерде одоно түрдө бузулган.

Министр тажик тарапты 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШ түзүү жөнүндө макулдашуунун жана 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясынын алкагында аймактык бүтүндүктү жана учурдагы чек аралардын кол тийбестигин сыйлоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоого чакырды. 

Ошондой эле Армениянын Уюмга төрагалык кылуу мезгилиндеги ЖККУ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында боло турган сессиясына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандын эл аралык демилгелерин жарыялады. Тактап айтканда, ал быйыл кыргыз тарап БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын 2023-2027-жылдарды жарыялоо боюнча резолюцияларынын долбоорлорун алдыга жылдырып жатканын билдирди. «Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттин беш жылдыгы» жана «Куралсыздануу жана таркатпоо үчүн маалымдуулуктун эл аралык күнү». Мындан тышкары, министр Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин алдыга жылдырып жатканын айтып, жыйынга чогулгандардан бул демилгелерди колдоону өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости