www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Жиззак облусунун Дустлик районундагы негизинен кыргыз улутунун өкүлдөрү жашаган Манас айылында болду.

Элчиликтен кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө элчини Дустлик районунун акими Шавкат Дарвишев жана айыл башчысы Жалил Кенжаев коштоп жүрүштү.

Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын абалы, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарын чыңдоонун келечеги тууралуу пикир алышты.

Жаманбаев маданият үйүндө да болду, тигүү цехинин үй-бүлөлүк поликлиникасынын жана башка объектилердин иши менен таанышты.\

Элчи ошондой эле №5 орто мектептин окуучулары жана мугалимдер жамааты, Манас айылынын аксакалдары менен баарлашып, анын жүрүшүндө Жаманбаев элдердин достугун чыңдоо максатында өткөрүлүп жаткан эки тараптуу иш-чараларга токтолду, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан  Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 

Ал айылга Манастын эстелигин тургузуу пландары менен бөлүшүп, ошондой эле 2019-жылы Элдик көркөм чыгармачылык тобу наамына ээ болгон «Маржан» ыр-бий ансамблинин чыгармачылык ишмердүүлүгүн жайылтууга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости