www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Фридрих Мерц жетектеген Христиан-демократиялык союзу (ХДС) Берлин жана Мекленбург – Алдыңкы Померания аймактарындагы шайлоодо олуттуу добуш жоготту.

Мекленбург – Алдыңкы Померанияда оңчул «Германия үчүн альтернатива» (AfD) 38,2% добуш менен биринчи орунду алды. Социал-демократтар 35,5% добуш топтосо, ХДС 4,9% менен парламентке өтүү үчүн зарыл болгон 5% босогодон өтпөй калды.

Берлинде Die Linke 25,7% менен биринчи орунга чыгып, ХДС 18,8% менен экинчи, AfD 16% менен үчүнчү болду.

Мерц Мекленбург – Алдыңкы Помераниядагы жыйынтыкты «катастрофа» деп атап, партия жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирди. Бирок канцлер кызматтан кетүү ниети жок экенин айтты.

Шайлоонун жыйынтыгы Германияда AfDнин аймактык деңгээлдеги колдоосу өсүп жатканын жана Мерцтин ХДС партиясы үчүн ички саясий басым күчөгөнүн көрсөттү. ХДС жетекчилиги азырынча Мерцти ачык түрдө кызматтан кетүүгө чакыра элек.

Последние новости