www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет 22-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтомунун долбоорун жактырды.

Талкуунун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү даярдалган документтин долбоору менен таанышышты. Депутаттардан токтом долбоору боюнча суроо-талап же каршы пикир болгон жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында бир добуштан чечим кабыл алынды – бардык катышкан депутаттар “макул” деп добуш беришти.

Президенттик шайлоонун датасын белгилөө боюнча токтом долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Последние новости