www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөгө белгилүү Starbucks кофейнялар тармагы кадимки суусундуктардан тышкары сейрек кездешкен жана чектелген көлөмдө чыгарылган жогорку сапаттагы өзгөчө кофелерди да сунуштайт.
Компаниянын Starbucks Reserve деп аталган багытында дүйнөнүн ар кайсы аймактарында өстүрүлгөн өзгөчө сорттогу кофелери бар. Алардын арасында сейрек кездешкен Gesha (Geisha) жана Гавайиде өстүрүлгөн Kona Peaberry сыяктуу кофелери камтылган. Мындай кофелердин өзгөчөлүгү — аларды өстүрүүдө жана тандоодо өзгөчө ыкмалар колдонулганы. Айрым сорттордун данектери кол менен тандалып, чектелген көлөмдө гана өндүрүлөт.
Мисалы, Starbucks Reserve мурда Сальвадордогу Montecarlo Estate фермасында өстүрүлгөн Gesha кофесин иштеп чыгарган. Бул сорт өзгөчө жыпар жыты жана мөмөгө окшош даамы менен белгилүү.
Алсак Kona Peaberry Гавайидеги Мауна-Лоа вулканынын боорлорунда өстүрүлөт. Анын өзгөчөлүгү — кофе мөмөсүндө кадимки эки данектин ордуна бир гана тоголок данек пайда болот. Мындай данектер сейрек кездешет. Андыктан Starbucksтын премиум кофелеринин негизги өзгөчөлүгү — сейректиги, чектелген көлөмдө чыгарылышы жана кофенин келип чыккан жерине өзгөчө көңүл бурулушу менен айырмаланат.
Starbucks Reserve кофелеринин баасы кадимки Starbucks суусундуктарына салыштырмалуу кыйла жогору. Айрым премиум кофелер атайын Starbucks Reserve Roastery жайларында гана сунушталат. Ошол эле учурда Starbucksты дүйнөдөгү эң кымбат кофе өндүрүүчү деп айтууга болбойт. Бирок дүйнөдө сейрек кездешкен кофе данектери бар болгондуктан атайын аукциондордо өтө жогорку баага сатылган учурлар арбын. Компания негизинен арабика кофесин колдонот. Мындан тышкары, кардарларга латте, капучино, американо, фраппучино жана ар кандай суусундуктарды тартуу кылышат.
Бүгүнкү күндө Starbucks дүйнөнүн 90 рыногунда иштеп, 40 миңден ашуун кофейнясы менен кардарларды тейлейт. Компаниянын кофейнялары АКШдан тышкары Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш жана башка аймактарда кеңири тараган.
Starbucks — дүйнөдөгү эң таанымал кофе тармактарынын бири болгондуктан, эл аралык масштабда кеңири таанылган брендге айланган.
Starbucksтын популярдуулугу кофеге гана байланыштуу эмес. Адамдар кофе ичип жолугушкан, иштеген, эс алган жана убакыт өткөргөн жай катары да атактуу. Ушундай өзгөчө кофе ичүү маданияты Starbucksтын дүйнөгө кеңири тарашына таасир эткен.
Ошондуктан Starbucks бүгүнкү күндө жөн гана кофе саткан компания эмес, дүйнөлүк кофе маданиятынын белгилүү бренддеринин бири катары таанымал.
Эске сала кетсек, Starbucks Reserve’дин расмий аш тизмесинде демделген кофе болжол менен $4.90–8, латте $6.50–8, капучино $6.50–8 аралыгында көрсөтүлгөн. Бул болжол менен алганда 430–700 сом жана 570–700 сом тегереги.