www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Глобус» супермаркетинин кызматкерлери эмгек укуктарынын бузулуп жатканын айтып, Кесиптик бирликтер федерациясына кайрылышты

«Глобус» супермаркетинин бир катар кызматкерлери эмгек укуктарын коргоо өтүнүчү менен Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясына кайрылышты.

Федерациянын маалыматына ылайык, кызматкерлер эмгек акыларынан мыйзамсыз кармоолор жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Мындан тышкары, алардын айтымында, филиалдардын биринин жетекчиси кызматкерлерди өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө мажбурлоо максатында аларга психологиялык кысым көрсөтүп жаткан.

Кесиптик бирликтер федерациясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алып, кызматкерлерге укуктук жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле айтылган жагдайлар боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгына жараша эмгек мыйзамдарынын алкагында зарыл чаралар көрүлөрү маалымдалды.

Азырынча «Глобус» супермаркетинин жетекчилиги бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

Последние новости