www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар Мамлекетинин Эмиринин атасы шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

2026-жылдын 15-июлунда министр Бишкектеги Катар Элчилигинде ачылган Көңүл айтуу китебине кол койду.
ТИМ башчысы Катар Элчиси Али Жабир Аль Мари менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Катар Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге көңүл айтуу телеграммасы жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле бул күнү Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Катардагы аза күтүү иш-чарасына катышуу үчүн Доха шаарында экени белгиленди.

Жээнбек Кулубаев Катар элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, Кыргызстан бул оор учурда боордош мамлекет менен тилектеш экенин билдирди.

Последние новости