www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы “Глобус” жана “Фрунзе” гипермаркеттери шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи май райондук акимчилигинин кызматкерлери милиция жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен биргеликте ири гипермаркеттерди текшерип барган.

Анда төмөндөгүдөй эреже бузуулар аныкталган:

  • Кире беришке фильтрлер коюлган эмес:
  • Босогого бутту дезинфекциялоо килемчеси салынган эмес;
  • Кардарлардын дене табын өлчө, колуна антисептик чачуу жасалган эмес;
  • Соода түйүнүнүн ичинде көпчүлүк кардарлар бет кап тагынбай жүргөн. Жада калса кассирлер дагы тагынбай отурган.

Гипермаркеттердин администрациясына Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча экинчи категориядагы айып салынды. 

Аталган берене "Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу" деп аталат. Экинчи категориядагы айып пулдун көлөмү жеке жактарга 30 миңден 50 миң сомго чейин болот.

Мэрия мындай санитардык рейддер дагы улантыларын эскертти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости