www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канатбек Маматов Мырза-Аке айыл аймагындагы бардык айылдарды кыдырууда. Талапкер менен жолугушууга жергиликтүү тургундар активдүү келип жатат. Алар айыл аймагындагы маселелерге токтолуп, бул шайлоодо элге кызмат кылам деген тилеги таза адамдар келиши керек деген ойлорун билдиришүүдө.

“Адырыбызга чыккан жолдо 2 канал бар, уй айдаган убакта суу кечип өтөбүз. Кайра келе жатып дагы суу кечип өтөбүз. Анткени ага көпүрө жок”, - деген көйгөйүн билдирди жолгушууга келген айыл тургундарынын бири. Өз учурунда ал “бизге маселени чечкен эл өкүлдөрү керек”, - деп белгиледи.

Жолугушууга келгендердин дагы бири: “Сүйлөгөн сөздөрүңдүн баары маанилүү экен. Сага биз ак жол каалайбыз”, - деп батасын берди.

Канатбек Маматов өз кезегинде саясатка биринчи жолу аттанып жатканын, буга чейинки иш тажрыйбасы, жаш курагы, спортто болгон ийгиликтери эл жүгүн көтөрүп кетүүгө жетиштүү экенин билдирди.

Ал эми эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттандың деген суроого: “Партия дагы Жогорку Кеңешке биринчи жолу аттанып жатат, курамына түрдүү кесиптин мыкты адистери кирип, өлкө келечегин жакшыртуу боюнча тилектештерден тургандыктан ушул партияны тандадым. Азыр өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда 120 депутат бар, ар бир депутатка жылына мамлекеттик казынадан 6,5 миллион сом акча кетет экен. Ошончо акчаны коротуу бизге керекпи? Биздин программа боюнча 120 депутатты 60ка кыскартабыз. Ошол жерде канчалаган министрлик, мекемелер иштеп жатат, көбү бири-биринин жумушун кайталап эле иштешет. Алардын баары айлык алат, канча деген каражаттар максатсыз кетип жатат. Программада аларды да кыскартуу бар”, - дейт ал.

Саясий бирикменин мүчөсү менен жолугушууга Көлдүк, Какыр, Дөң-Булак, Кызыл-Чарба, Ак-Жар айылдарынан тургундар келип, “Мекеним Кыргызстан” партиясын, анын ичинде Канатбек Маматовду колдошоорун айтышты.

Маматов жалпысынан Өзгөн районунун 30дан ашык айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бардык айылдарда аны жылуу кабыл алышып, барган жеринде ийгилик каалашып, баталарын берип жатышты.

 Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости