www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош филармониясынын мурдагы жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 69 жаштагы Садыбакасова Маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин түштүк региону боюнча маданият тармагындагы коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, буга чейин Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош филармониясын 2000-жылдан бери жетектеп келген Гүлшайыр Садыбакасова кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости