www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору 1961-ж.т. К.А.С. кармалганы маалым болду.

Тактап айтканда, кармалган К.А.С. аталган акча каражатын, анын демилгеси боюнча Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө каралып жатат деп, Кемин районунун Кичи-Кемин а/а башчысы К.А.Ш. аттуу жетекчисинин финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган. 

Бага чейин аталган К.А.С., аталган коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарындагы байланышы бар экенин айтып жашырынып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды жана мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.

К.А.С.дын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.

Азыркы учурда К.А.С. КР УКМКнын тергөө камак жайына  киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, - деп билдирди УКМКнын маалымат катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости