www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрксой Эл аралык уюмунун туруктуу Кеңешинин 39-жыйынынын чечими менен 2023-жыл кыргыздын кыйын кызы, таланттуу актриса Бакен Кыдыкееванын жылы деп жарыяланган.

Белгилүү итплиялык актриса Моника Белуччи башкы ролду ойногон "Малена" деп аталган фильмдеги башкы каарман ашкере сулуу болгону үчүн гана башына балээнин баары үйүлөт го.

Ошол сыңары Бакен Кыдыкеева эженин сулуулугу менен таланты, тилекке каршы, айдай сулуу актрисанын тагдырын татаалдаштырган себепке айланып, 1990-жылы анын 20 күндөй инсандыгы белгисиз адам катары моргдо жатып калуусуна алып келген.
"Уккан кулакта жазык жок" дейт эмеспи. Жакын арада Бакен эженин тагдырын талкалоого себеп болгон төмөнкүдөй кеп угуп, жүрөгүм катуу ооруду.

Уккан маалыматка караганда, Бакен эжени кыргыздын атагы алыска угулган залкар уулу чын жүрөгүнөн жакшы көргөн. Бирок, анын үй-бүлөсү болгон. 
Агайдын сезимине Бакен эже "жарк" эте күлүп, аны тамаша катары кабыл алып, агайга карындашы катары сый мамиледе калган экен.

Бирок, агайдын сезими кылдан кынтык издеген чагымчыларга жага бербей, күбүң-шыбың кепке, кыйыр көз караштарга, кыйды какшыктарга жем таштап, Бакен эженин жашоосун уулап, агайдын жубайы жаман акыбалда калат.
Анан агай дүйнөдөн өтөт.

Андан кийинки он чакты жыл бою мурдунан учунан алысты баамдай албаган, баалай албаган көралбастар (көр - могила, албас - непринятый) Бакен эженин сары изине чөп салууну улантып, анын ар бир кадамынан кынтык издөөнү улантышат.

Акыры көралбастар "пенсияга чыкты" деген шылтоо менен Бакен эжени театрдан биротоло кууп салышат. 
Кесиптештеринин таш боор жана мыкаачы чыккынчылыгынын айынан бүткүл өмүрүн театрга, өнөргө арнаган Бакен эженин моралдык абалы менен психикасына дароо терс таасир берип, эже күн сайын театрга келип, театрдын маңдайындагы скамейкага телмирип отуруу менен күн кечире баштайт.

"Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт даанышман элибиз. "Адам үчүн эң кыйыны - күн сайын адам болуу" деген Чыңгыз Айтматов атабыз.

Кыскасы, Бакен эженин өмүрү менен чыгармачылыгы тууралуу келечекте илимий иликтөөлөр жүргүзүлүп, эже тууралуу көркөм жана даректүү эмгектер жаралат, буюрса.

Ар бир кылган тайыз жана пас жорук-жосундарды келечек муундарга көзгө сайган сабак катары көрсөткөн кайтаар дүйнө мыйзамын эч ким четке каккан эмес. Ошон үчүн адамдык сапаттан алыстабайлычы, алтындар...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости