www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-сентябрдан бери Тоолуу Карабахтын дээрлик 93 миң тургуну Арменияга көчүп келди. Бул тууралуу Армениянын министрлер кабинетинин басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдирет.

Анын айтымында, 69 миң 916 адам каттоого алынып, 23 миң 433 жер которгон жаранга өкмөт тарабынан убактылуу турак-жай берилген.

Азербайжандын президентинин жардамчысы Хикмет Гаджиев 22-сентябрда Карабах армяндарынын Азербайжандын экономикалык, саясий жана социалдык жашоосуна интеграциясы кыйын болорун, кээ бирөөлөр бул саясатты кабыл албай, кетүүнү чече турганына даяр болуш керектигин айткан. Ошол эле учурда президент Ильхам Алиев Карабахтын армяндары Азербайжандын жарандары менен бирдей укуктарга ээ болорун бир нече жолу билдирген. Армения бийлигинин маалыматы боюнча, аймакта 120 миң адам жашаган.

Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабахтагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабахтын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости