www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин төбөлдөр элди маалыматтык манипуляция кылып, популисттик көрүнүштөргө убакыт коротуп, түбү көрүнбөгөн иштерге мурдун тыкканды жакшы көрүшөт.

Мына Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Бариев: "Эсептеп көрсөк, ал поезд жол ачыла турган болсо Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат экен. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар керектелет. Ал багытта Түштүк Корея менен сүйлөшүп жатабыз", — деди.

Ал, мындан сырткары, "Түрксиб" компаниясы (мурдагы Луговая — ред.) менен Бишкек — Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча да иш жүрүп жатканын айтты.

Албетте, болсун дейли. Жакшы ниет жарым ырыс делет эмеспи. Эң кур дегенде кыялдануу бекер го. Ошентсе да бирок деген маселе бар. Тишибизге карап ышкырып, мурдубузга карап бышкырсак болмок, айдаганыбыз беш эчки, ышкырыгы таш жарат болбой...

Дегенибиз, мына канча жылдан бери Балыкчы—Кочкор—Кара-Кече жолун салалбай отурабыз. Эки жылдан бери 5 километр жол курдук. Аны дагы бийлик пиарлай берип эси ооду. Анан кайдагы Бишкек — Балыкчы — Каракол деген жомокту айтып жатышат түшүнүп болбойт. Ушул турган 60 километр болгон Бишкек — Кара-Балта авто жолун дээрлик 10 жылдан бери куруп бүтө албай жатып, асманды айтышып күйгүзүшчү болду.

Бир аз болсо этегибизди жыйып, жуурканабызга карап бут сунсак болот эле. Куру дымак менен чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлайт болбой.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости