www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун Жогорку лигасында ойногон гродненскилик "Неман" футболдук клубу менен 1,5 жылга келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирет.

Маалыматка ылайык, "Неман" учурда Конференция лигасынын квалификациясынын үчүнчү раундунда. 2023-жылкы сезондо бул футболдук клуб Беларусь чемпионатында биринчи орунда турат. Анын капчыгында 10 жеңиш, эки тең чыгуу жана эки жолку жеңилүү бар. Алыкулов буга чейин да, 2019-жылдын сезонунда "Неманда" ойногон. 24 беттешке катышып, төрт гол киргизген.

Белгилей кетсек, Гүлжигит Алыкулов 2020-2023-жылдары казакстандык "Кайрат" клубунун курамында ойногон.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости