www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын айланасында жаралган талаш-тартыштар тууралуу өз пикирин билдирди:
"Боюна Манасы сиңген элде, Тайторунун туягы тийген жерде, тилибизге тибиртке тилеп, арабызда тилектеш эле эмес, билектеш жүргөндөр АГАЙДЫ (Каныбек Осмоналиев) көк жалды көп ит талагандай эле кылып жиберишти го.
Эчен кылымды кемире басып, кептин касиеттүү кереметин ачып келген айкөлдүн эли, адегенде эле тилин, андан кийин дилин ар кайсыга аралаштырып эмес, ай күнгө жанаштырып бийик сактап келген, нарктуу журт. Ата-эненин каны менен өткөн тилибиз, Ата журттун жаны менен бирге болот.
Атаганат, эненин сүтү менен ыйманга таянбай, берененин күчү менен мыйзамга таянганы айла кеткендеги жагдай.
Керек! Башка тилди билели, арийне, ата-эненин тилин гана сүйөлү!!!
Эки аптадай алыс жүрүп, араңарга расмий бүгүн кошулдум, аманчылыкты тилеймин", - дейт ал.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койгон.
Мыйзамга ылайык:
- 3-берененин 2-бөлүгү менен мамлекеттик тил Кыргызстандын жарандарына, туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат деп аныкталган;
- 4-беренеде мамлекеттик тилин милдеттүү пайдалануу чөйрөлөрү аныкталган, тактап айтканда мамлекеттик тил милдеттүү түрдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде жана аталышында колдонулат;
- 11-беренеде (Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталыштары) биргелешкен, чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылат;
- 20-берене менен телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек жана көрсөтүү тартиби "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет;
- Мамлекет китеп басып чыгаруу жана китеп жайылтуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил анын ичинде көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү форматта мамлекеттик тилге которууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөт;
- 32-берене менен бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Аталган мыйзам 31-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg