www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гонконгдун бийликтери Ковид пандемиясынан жабыркаган туризм тармагын өнүктүрүү үчүн авиа билеттерди бекер таратат. Алардын саны 500 миң, ал эми баасы эки миллиард Гонконг доллары (255 миллион АКШ доллары) болот, деп билдирет AP.

Гонконгдун Туризм башкармалыгынын аткаруучу директору Дэйн Ченгдин айтымында, жарнамалык кампания өкмөт чет элдик туристтерге карата бардык чектөөлөрдү алып салса эле башталат. Бул 2023-жылы болот деп күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин Гонконг бийлиги коронавируска каршы катуу эрежелерди киргизген. Чет жактан киргендердин баары эки жумалык карантинден өтүшү керек болчу. Бирок жакында бул талап алынып салынганы менен шаарга келгендердин саны бир топ азайды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости