www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грецияда археологдор эң аз 2 миң 500 жылдык тарыхка ээ жаңы бир байыркы шаар табылды
Грециянын Тесалия аймагындагы Кардича шаарына жакын жерлеринде күтүлбөгөн жерден табылганы белгиленген байыркы шаар аймакта башка бир проекти менен иш алып барган Гетеборг жана Борнмута университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан аныкталды.
Грек медиасында жарыяланган фотографияларда байыркы шаардын тышкы дубалынын калдыктары жана көчөлөрү ачык түрдө көрүнүп, аймакта эки жума жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө биздин эрага чейинки 5 - кылымга таандык экендиги белгиленген тыйын жана керамика бөлүкчөлөрүнүн табылгандыгы билдирилди.
Археологиялык топтун жетекчиси Робин Роннланд берген маалыматында өткөн жылы бир кесиптеши менен бирдикте башка бир тема үчүн аймакка барышып, Влахос айылынын жакындарында тарыхый чыгармалардын бар экендигине байланыштуу белгилердин аныкталышы менен кенен изилдөө баштатылгандыгын айтты. Роннланд аймакта тарыхый калдыктардын бар экендиги билингендигин, бирок маанисиз деп эсептелгендиктен расмий каттоого алынбагандыгын белгиледи.
Байыркы шаардын биздин эрага чейинки 4 – 3 - кылымдарынын ортосунда римдиктердин аймакка кол салуунда бошотулгандыгы болжолдолууда.
Булак:"trt.net.tr"