www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогундагы күчү 7 жана 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Кыргызстандын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка таянсак, саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткен 4-4,5 балл, Ош шаарында 3 баллга сезилген. Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткен 2,5-3 баллга сезилген. Ал эми Баткендин Лейлек районундагы Коргон айылында саат 13:00до жер титирөө болгондун жашоочулар билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроолор боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.
Бүгүн, 5-майда саат 5:39да дагы Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган. Казакстандын Сейсмологиялык методикалык экспедициясынын билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргыз тоо кыркаларында, Чүйдөгү Токмок шаарынын түштүк-батышында жайгашты.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости