www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирип, андагы 50гө чукул адамды бир күн бою барымтада кармап отурган киши полициянын автоунаасын айдап качып кетти. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазды.

21-октябрь күнү курал жана граната көтөргөн киши ири банктардын биринин филиалына кирген. Ал 50гө чукул кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап кылган. Полиция аны менен күн бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында тоноочу барымтадагыларды полиция департаментинин жетекчиси Автандил Галдавага алмашууга макул болуп, 43 кишини чыгарып берген.

Бирок түн ичинде ал Галдава жана башка туткундагы үч киши менен сыртка чыгып, полициянын машинасын айдай качкан. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар анын колундагы баштыкта талап кылган акча бар экенин жазууда. Бирок ал тууралуу расмий айтыла элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости