www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын жамааты жаңы дайындалган жетекчиге нааразы болушуп, иш таштоого барарын билдиришти. Бул тууралуу телеканалдын жамааты Бишкек жана Ош шаарындагы корпустук телекөпүрө учурунда маалымдашты.

Алардын айтымында, ЭлТР телеканалынын башкы директору Керимбек Калыкулов кызматтан негизсиз алынган. Анын ордуна башкы директор катары Шаиста Шатманова келген. Бирок телеканалдын жамааты бийлик өкүлүнө каршы чыгышып, Оштогу башкы кеңсе жана Бишкектеги корпусу телекөпүрө уюштурган.

Кызматкерлер: «СДПКдан депутаттыка аттанган «Супер-Инфо» гезитинин мурунку директору Шаиста Шатманова бизге жетекчи болбосун. Эгер азыркы Убактылуу Өкмөт сөзүбүздү укпаса иш таштоого чейин барабыз», — дешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости