www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия, коронавирустун күтүлүп жаткан экинчи толкуну башталып калганын жарыялады. Бул маалыматты премьер-министр Георгий Гахария өкмөттүн отурумунда айтып, бирок кырдаал көзөмөлдө турганын белгиледи.

Грузияда бүгүн 57 адамдан, кечээ 44 адамдан коронавирус аныкталган. Бул көрсөткүчтү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал өзгөрүп жатат деп баалашкан.

Грузияда 10-сентябрга карата 57 бейтап жуктурганы суткалык рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө жалпы 1 773 адамга коронавирус жугуп, анын ичинен 1 325 адам айыкты. Оору жуккандан кийин 19 бейтап көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости