www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санитардык-экологиялык инспекция, санэпидемстанция жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдик топ бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы кафе-ресторандарда, тойканаларда рейд жүргүздү. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Ала-Тоо» ресторанына куран өткөргөндүгү үчүн айып пул салды.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы маданий иш-чараларды, кафе-ресторан жана тойканаларда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салган.

Мобилдик топ «Ала-Тоо» ресторанында эреже бузуу болгонун аныктаган. Тактап айтканда ресторандын үлпөт залынын эшигин ачууга тыюу салынса да, ресторандын ичинде иш-чара өткөн.

Санэпидемстанциянын сантардык дарыгери эреже бузууну түшүндүргөндө, тойкананын администрациясы аны менен макул болду.

Жыйынтыгында «Ала-Тоо» ресторанынын үстүнөн протокол тзүлүп, 3000 сом айып пул салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости