www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жума күнгө карата аба ырайы. Тоолуу аймактарда кар жаайт

 Жума күнү, 11-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +21…+26 градус болору болжолдонду.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости