www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия Орусия менен чек арасын жапты

Грузия Орусия менен чек арасын убактылуу жабат. Бул тууралуу республиканын Финансы министрлигинен кабарлашкандай, мындай чечимге катуу жааган жамгыр себеп болуп, Россия Федерациясы менен чек арада жайгашкан «Казбеги» бажы бекетине (ККП) баруучу эл аралык жол бузулган.

«Дариал капчыгайындагы оор метеорологиялык шарттардан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалга байланыштуу «Казбеги» бажы бекетинде бажы көзөмөлүнүн бардык процедуралары убактылуу токтотулду», — деп айтылат Грузиянын Каржы министрлигинин Киреше кызматынын билдирүүсүндө.

Министрлик ошондой эле, нөшөрлөп жааган жаандан улам Терек жана Девдораки дарыялары жээгинен ашып, эл аралык маанидеги жолдун Орусия чек арасына барчу бөлүгү бузулганын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Симферопольдогу жапыз аймактарды, ошондой эле Крымдын Симферополь облусунун беш айылын жекшемби күнү, 26-июнга караган түнү жааган жамгырдан улам сел каптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости