www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузияда дүйшөмбү күнү АКШ менен биргеликте Noble Partner 2022 ("Татыктуу өнөктөш-2022") көп улуттуу аскердик машыгуулары башталды.

"Окуулардын максаты - Кара деңиз аймагында туруктуу жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн Грузия, АКШ, аймактык өнөктөштөр жана союздаштардын даярдыгын жана өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу", - деп айтылат Грузиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Грузия, АКШ, Япония, Швеция, Болгария, Румыния, Молдова, Греция, Улуу Британия, Түркия, Словакия, Норвегия, Венгрия, Литва, Азербайжан, Германия, Босния жана Герцеговина, Эстония, Польшанын 2400дөн ашуун аскер кызматкерлери, ошондой эле Литва-Польша-Украина көп улуттуу бригадасынын аскер кызматкерлери катышат. 

Машыгуулардын ачылыш аземи Вазианидеги (Тбилисиге жакын жерде) аскердик базанын аймагында өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости