www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын депутаттары ачкачылык жарыялады

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили жетектеген “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын 9 депутаты парламент имаратында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Алар экс-президентти борбордогу Vivamedi ооруканасынан европалык клиникага тез арада которууну талап кылып жатышканын "Азаттык" радиосунун Тбилисидеги кабарчысы 16-декабрда билдирди.

Эки күн мурда экс-президент өзү ачкачылык жарыялап, бирок көп өтпөй Европарламенттин депутаттарынын өтүнүчү менен токтоткон.

Ачкачылык кармаган депутаттар өз чечимин Михаил Саакашвилинин ордуна өз ден соолугун тобокелге салууга даяр экендиги менен түшүндүрүүдө. Алардын арасында коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, генерал Тимур Жанашия жана парламенттеги "Бириккен улуттук кыймылдын" мүчөсү Анна Цитлидзе айым бар.

Парламент төрагасы, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынан Шалва Папуашвили ачкачылык жарыялаган депутаттар менен жолугуп, саламаттыкка коркунуч келтирбей, нааразылык акциясынын башка түрүн тандоону өтүндү. Ошондой эле мындай жол менен сотко басым жасбаш керектигин айтты.

Маалыматтарга караганда, жакын арада Тбилиси шаардык соту Грузиянын экс-президентине бир жыл мөөнөт берип, аны психикалык жана неврологиялык ооруларды дарылоо үчүн Европага жөнөтүшү мүмкүн.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Саакашвили былтыр 1-октябрда кармалган. Ал "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталып, алты жылга соттолгон. Саакашвили сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили "2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатууга буйрук берген", "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыпталууда. Бул дооматтарды да ал четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости