www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа өлкөлөрү Орусия саясаты боюнча АКШга толук көз каранды болуп калды, бул алардын өзүлөрү үчүн эле эмес, жалпы дүйнө коомчулугу үчүн да апаатка айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.
"Вашингтондон көз карандылык болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Москвага байланыштуу маселенин баарында Европа АКШнын гана айтканы менен болот. Бул геоясаясий абалдын туруксуздашуусун шарттап, Украинадагы абалды жөнгө салууга жолтоо болуп, Европанын өзүнө да, жалпы дүйнө жүзүнө да укмуштуудай залакасын тийгизет", — деп жазылат макалада.
Басылма дал АКШнын сөзү менен европалык өкмөттөр "ороусияда болчу кооптуулукка" каршы күрөштү башкы максат кылып алганын белгилеген. Мында экономикалык кызыкчылыктар таптакыр унутта калды. Буга кошумча Вашингтон өзүндө болчу экономикалык каатчылыктын алдын алып Европаны болушунча пайдаланып жатканы айтылган.
"Украинада кырдаал курчуп кеткенде европалыктардын басымдуу бөлүгү америкалыктар менен чогуу орустарга каршы тура алабыз деген ойдо болду. Бирок реалдуулук Европа АКШнын кезектеги кол жоолугу экенин көрсөтүп койду", — деп жазды басылма.
Булак: NazarNews.kg