www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш да кылычын жалаңдаткан менен мизи майтарылып, айбатынан кайтып баратат. Мына ушул мезгил аралыгында бир топ “Гүбүрнатырлар” же азыркыча айтканда Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бушайманга түштү. Айрымдарынын карьерасында чекит коюлууга чейин жетип калды. Мындан улам коомчулукта гүбүр кептер күчөдү. Айтылгандарга ишенсек, жакында өкмөттүн алмашаары айтылууда. Ырасында буларың алмашуусу керек.

Эбак эле бардыгын (албетте арасында бирдин эки мыктылары бар) кызматтан алып, жаңы муун, жаңы системаны киргизүү керек эле. Арийне, ушул ”Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү”-деген кызматты таптакыр жоюп салса деле болот. Буларың келемиштей болуп бюджеттен акча жегенден башка эч нерсе кылышпайт.

Район, аймактардагы айрым бир иш-чаралар өтүп калса ал жерде жарытылуу эки ооз сүйлөй албай мукактанышып, (маселе чечкенди мындай койдук) бирок, ошол жерде эң сыйлуу конок болуп, уча жегенден башканы билишпейт, эй. Сары ооз балапанча Өкмөттүн оозун карап олтурган ушу сыяктуу кызматтарды кыскартуунун мезгии деле келип жетип калды өңдөнөт.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости