www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ коопсуздук кеңешинде катуу суйлөдү. Ал ачыктан ачык эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасын сынга алып, УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ министрлиги, сот органдарынын ишмердүүлүгү акыркы эки жылда абдан төмөн деңгээлге түшүп калганын билдирди. Коррупциянын баары так ушул аты аталган структураларда гүлдөп жатканын, эки жылдан бери УКМК коррупция менен күрөшпөй эле эшек такалап отурганын баса белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков, "президенттик шайлоодо жакшы иштеп берген жоксуңар деп бир топ жетекчилерге куугунтук болуп жатыптыр. Мунуңарды токтоткула! Алардын арасында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен жетекчилер да бар. Алар куугунтукталбаш керек" - деп билдирди. Жээнбековдун бул билдирүүсүн жалпы коомчулук эң жакшы билдирүү деп сыпаттап жатышат.

Ошентип, Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге таянып алып тайралаңдагандардын талпагын ташка жаймак болду. Муну түшүнген киши туура кабыл алыш керек. Негизинен президент туура маселе көтөрдү. Туураны туура деш керек. Эгер Жээнбековдун алдыдагы тазалоо боюнча кадамдарына Атамбаев каршы чыкса анда эки гана жол калат. Бири өз эрки менен президенттикти еткөрүп бериш керек, же Атамбаевге каршы аттаныш керек. Башка жол жок. Эгер Сооронбай Жээнбеков кечээги айткан билдирүүлөрүнөн жыйынтык чыгара албаса, анда "марионетка" болуп калат.

Булак: Ачык саясат

Последние новости