www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гуглдан ыр табуу үчүн болгону обонун ырдаңыз

Google сервиси каалаган музыканы ырдап же ышкырып тапканга мүмкүнчүлүк түздү. Башкача айтканда, тиркемеде жаңы функция пайда болду. Бул тууралуу компаниянын расмий булагында маалымдалган.

Жаңы функция "Hum to search", кыргызчага которгондо "Издеш үчүн ырда" деп аталат.

Ырды издеш үчүн колдонуучу микрофонду басып, ырдын аталышын айтыш керек. Же болбосо "ыр тандоо" кнопкасын басуу зарыл. Google сервисин колдонуп жүргөндөр каалаган музыкасын табыш үчүн "Эй, Google, бул кандай ыр эле?" деп туруп музыканын обонун 10-15 секунд ырдаш керек.

Жаңы функция iOS жана Android колдонуучулары үчүн 20 тилде жеткиликтүү болот. Анын ичинде орус тили дагы бар. Аны колдонуу үчүн Google тиркемесин акыркы версияга чейин жаңылаш керек.

Аталган функцияны колдонуп көргөндөр видеонун алдына билдирүүлөрүн калтырып, ал Shazam функциясынан алда канча жакшы экенин жазышкан. Маалым болгондой, жаңы функция ырды аудиожазуу менен тапкан Shazam сервисин жокко чыгарышы мүмкүн. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости