www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков.

Ушул күндөрү биздин көз алдыбызда тарых жазылууда. Ар бир кабыл алынган чечимди кайра кайтарып алса болбойт. Ал чечимдер кандай жыйынтыкка алып келерин биз кийин гана көрөбүз. Бүгүн калың эл сиздин кадырынызды миң эселеп билип, кетишиңизге кайгырып турат. Эмитеден эле эл сизди сагына баштады.

Баары көрүп, бардыгын билип турушат. Кадырыңыз чыныгы калын журттун жүрөгүндө экен! Көрсө, атайлап жасалган кара пиар Сизге жукпаптыр. Эл сыйлап, бул кадамыңызды алкоого алган учур! Мындай кадам, чыныгы элин сүйгөн, жерин сүйгөн адамдын колунан гана келет!

Мүмкүн сиздин душмандарыңыз бүгүн кубанып, эртең эл сыяктуу кайгырышаар… Аны мезгил өз ордуна коет…Айкөлдүгүңүздү, чыдамкайлыгыңызды, ар кандай сынды көтөргөнүңүздү, чыныгы президент-государственник экениңизди баса белгилегим келет. Башкалар башкача ойлонгондур. Бирок жараткан оң жолдо жүргөн инсандын жолун кандай гана каралоо болбосун, тоскоолдук жаратпасын, баардык кыйынчылыктан өзү сактайт! Буга бул күндөр күбө! Сиз чыныгы элдин даанышманы болдуңуз!

Байлык, бийлик, мансап колдун кири экенин, биринчи адамдык сапатыңыз бийик экенине калың эл баа берип турат. “Мен президент болордо ”Бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм” деп убада берген эмесмин. Мен кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп сөз бергем. Бир адам үчүн “саткын” аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын” деген сөздөрүңүзгө бек болдунуз.

Сөзүмдүн аягында бардык тараптарга кайрылгым келет.

Нашим основным принципом, главной задачей должно стать – достижение максимального общенационального консенсуса. Мы все вместе должны принять в ближайшие дни решения, которые будут отвечать интересам нашего единого народа Кыргызстана. Они не должны ущемлять ничьи интересы. Именно достижение общенационального согласия соответствует задачам, стоящим перед государством. Главная наша задача на сегодняшний день – это сохранение мира, законности и общественного согласия.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Нургожоевич Жапаровго жана анын командасына ийгилик каалайм. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.

Аида Касымалиева

Последние новости