www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесине шек саналып кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевге кылмыш иши жай мезгилинде эле козголгон. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кечээ, 29-декабрда «эки бир» берүүсүндө билдирди.

«Анын иши УКМКнын азыркы жетекчисинин учурунда эмес, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жайында катталган. Бул ишти азыр гана билинди деп айта албайсың», - дейт ал.

Белгилей кетсек, УКМК шектүү судьяны 14-декабрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган.

Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган.

Бул ортодо ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени маалым болгон.

Ошондой эле өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага миллиондогон сом чыгым келтирген.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Кыргызстанда тапкан кирешесине жараша жашабаган шектүү судьялар бар экенин айтып, мындай фактылар иликтенерин билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости