www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин  күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Судьялык кесип — акыйкаттыкты, кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты талап кылган ардактуу кесип.

Эл адилеттик издеп, сотко гана чоң үмүт артат жана элдин үмүтү-тилеги мыйзамдуу чечимдер менен гана канааттандырылат. Андай чечимдерди кабыл алуу бир гана судьянын билиминен эмес, айрыкча анын ыйманынан, абийиринен, ички маданиятынан жана адамгерчилигинен  көз каранды экендигин унутпашыбыз керек.

Бул бизге болгон талаптын өтө жөнөкөйлүгү, ошол эле учурда татаалдыгы менен такталып жатат.

Көз карандысыз судья — адилет сот тутумунун кыймылдаткыч күчү, адилет сот тутуму — күчтүү мамлекеттин белгиси, зоболосу!

Бул күнү сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!", деп куттуктаган Гульбара Калиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости