www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухан шаарында тараган коронавирустан жабыркагандардын саны азайганына байланыштуу бейтаптарды убактылуу кабыл алып жаткан шаардагы бир бейтапкана жабылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

1-мартта аталган оорукана вирустан айыккан 34 жаранды чыгарып, дарыланып жаткан 74 бейтапты башка медициналык мекемеге которушкан. Бейтаптарды башка ооруканаларга өткөрүп бергенден кийин, оорукана эс алуу режимине өтүп, мындан ары бейтаптарды кабыл албай турганын маалымдаган. Акыркы учурда жалпы эле Кытай анын ичинен Хубэй провинциясында эпидемиялык абал мурункуга караганда турукташкан.

Уханда акыркы сутка ичинде вирус жуктурган 193 жаңы учур катталган болсо, сакайып, бейтапканадан чыккандардын саны 1 958 кишини түзгөн. Азыркы учурда ооруканаларда 25 903 адам дарыланып жаткан болсо, алардын ичинен 6 872 адамдын абалы оор экени айтылууда. Жалпысынан шаарда вирустан 2 227 киши көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости